Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) V-сессиясы

 

2021-жылдын 27-августу № 1

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө

 

Кашкар-Кыштак айылдын кеңешинин 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына түзүлгөн атайын иш пландын негизинде угулуп жаткан маселени карап,айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүн жогорулатуу максатында

Токтом кылат:

1. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Айыл аймагыбыздын социалдык-экономикалык денгээлин көтөрүү,элдин жашоо турмуш шартын жакшыртуу жана инфраструктурасын көтөрүү иштерин айыл жаштарын тартуу,алардын активдүүлүгүн жогорулатуу менен демилгелүү иштерди аткарууга тартуу жана айыл жаштарын өз ара жардамдашуу ,достукту, биримдикти чындоо менен аларды тарбиялоого жетиштүү коомдук уюмдар, айыл башчылар менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Кашкар-Кыштак аймагында калк арасында COVID-19 илдетине каршы ар дайым түшүндүрүү иштерин жана иш чараларды өз убагында өткөрүп туруу айыл өкмөтүнө жана айылдык кенешке милдеттендирилсин.

4. Айыл аймагында 2021-жылга карата аткарууга алынуучу көйгөйлүү маселелерди атайын түзүлгөн иш-чаранын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов