Редакцияот 27.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) VII-сессиясы

 

2021-жылдын 27-сентябры № 2

Мөнөк айылындагы №83 А.Эшматоватындагы окуу-тарбиялык комплекс мекемесинде 5-класска орус тилиндеги кошумча класс ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Депутаттар №83 А.Эшматов атындагы окуу тарбиялык коплекс мекемесинин директору Г.Токобаеванын Мөнөк айылындагы №83 А.Эшматов атындагы окуу-тарбиялык комплекс мекемесинде 5а-класска орус тилиндеги кошумча класс ачууга уруксат сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап чыккандан кийин, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүкчөсүнө ылайык жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1 .Мөнөк айылындагы №83 А.Эшматов атындагы окуу тарбиялык- комплекс мекемесинде 5а-класска орус тилинде окутуу үчүн кошумча класс ачууга макулдук берилсин.

 

2 .Токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүнө тийешелүү иш кагаздарын даярдоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

3 .Ушул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин Социалдык-маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар, аялдар саясаты, спорт, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Нурдинов З.Г.