Редакцияот 23.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

 

2021-жылдын 23-октябры № 3

Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча торук өткөрүү тартиби жөнүндө

 

 Айылдык кенештин депутаттары айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашкар-Кыштак, Кенжекул, Ачы, Кайрагач, Жарооз айылындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтү 2021-жылдын 1-ноябрь күнү аяктагандыгына байланыштуу кайрадан торукту убагын, ар бир гектар жер аянтынын баштапкы баасын, торуктун кадамын торукка кирүү билетинин олчөмүн белгилеп торукту өткөрүү жөнүндөгү жер адиси А.Динбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып торукту өткөрүү максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

 1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Айыл-Чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү» типтүү жобонун шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак, Кенжекул, Ачы, Кайрагач, Жарооз айылдарындагы Мамлекеттик фондунун ижарага берүү боюнча 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларында торуктан өткөрүлсүн.

 2. Ижарадан карызы бар жарандар торукка киргизилбесин.

 3. Торукка коюлган Мамлекеттик фондунун жерлери жер адистери тарабынан контурлар боюнча так такталып ошол контурда жайгашкан жерлердин өзгөчөлүктөрүнө жараша баалансын.

 4.Кашкар-Кыштак, Кенжекул айылдарында ижарага берилүүчү сугат жерлердин бир гектарынын баштапкы баасы 8500(сегиз мин беш жуз)сомдон ,кепилдик төлөм 3000(үч мин)сом, кадамы 500 (беш жуз) сомдон,кирүү билети 100(жуз)сомдон белгиленсин жана жер салыктары,социалдык фонд төлөмдөрү өз алдынча башка төлөнөт.

 5.Кайрагач айылдарынын ижара акылары баштапкы баасы жердин өзгөчөлүктөрүнө жараша 2500(эки мин беш жуз)сом, кадамы 500(беш жүз) сом кепилдик төлөмү 3000 мин сом, кирүү билеттер 100(жуз) сомдон белгиленсин жана жер салыктары, социалдык фонд төлөмдөрү өз алдынча башка төлөнөт.

 6.Кайракы жерлер алгачкы баасы 1000(мин)сомдон, кепилдик взнос 500(беш жуз) сомдон, кадамы 300(үч жүз) сомдон ,кирүү билети 100(жуз)сомдон белгиленсин жана жер салыктары,социалдык фонд төлөмдөр өз алдынча башка төлөнөт.

 

7.Жарооз айылында бак дарак алгачкы баасы 4000(торт мин) сом, кадамы 500(беш жуз)сом,кепилдик төлөм 2000 мин сом кирүү билет 100(жуз) сомдон белгиленсин жана жер салыктары,социалдык фонд төлөмдөр өз алдынча башка төлөнөт.

 8.Тыт көчөттөр алгачкы баасы 5000(беш мин)сом кадамы 500(беш жуз)сом, кепилдик төлөм 300(үч жүз)сом, кирүү билети 100(жүз) сом жана жер салыктары,социалдык төлөмдөрү өз алдынча башка төлөнөт.

 9.Мамлекеттик фондун жерлеринин жалпы аянтынын 10 пайызга чейинки өлчөмдөгү сугат айдоо жерлер женилдетилген түрдө түз берүү жолу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана социалдык багыттагы субьекттерге жогоруда белгиленген өлчөмдө берилсин.

 10.Торуктарды өткөрүү комиссиясынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрында №571 токтому менен белгиленген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунда жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү» типтүү жобонун шарттарын сактоо менен торуктарды жогорку уюшкандыкта өзмөөнөтүндө өткөрүү жагы милдеттендирилсин.

 11.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш,турак жай,жер маселелери комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З.Г.Нурдинов