Редакцияот 04.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

 

2021-жылдын 4-декабры № 3

Аймакта айрыкча кыш мезгилинде элдердин электр энергиясынан туура пайдалануу, электр тармактары ишканаларынын кызматкерлери тарабынан үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин өнөр жай, коммуналдык чарба,транспорт соода,базар энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын 03.12.2021-жылдагы отурумунда жогорудагы маселени карап чыгып айылдык кеңештин депутаттары тарабынан кеңири талкуулап чыгып элдерди электр энергиясынан туура пайдаланууну камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат.

      1.Кара-Суу РЭТтин Кашкар-Кыштак айылындагы бөлүмү тарабынан кыш мезгилинде электр энергиясы менен камсыз кылууда элдердин арасында айрыкча электр энергиясын үнөмдөө максатында түшүндүрүү иштерин алып барып бир топ иштер аткарылып жаткандыктары белгиленсин.

 

2.Элдердин электр энергиясынан болгон төлөмдөрдү айрыкча “Исабай ажы”фидириндеги абонененттер тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп электр энергиядан болгон төлөмдөрдү өндүрүү жагы электр энергиясында эмгектенип жаткан кызматкерлерге тапшырылсын.

      3.Айылдардагы сырткы көчөлөрдөгү жарыктандууларды өз убагында өчүрүп үнөмдөө үчүн түшүндүрүү иштери алып барылсын.

      4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы атайын туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

 айылдык кеңешинин төрагасы

 

З.Г.Нурдинов