Редакцияот 04.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

 

2021-жылдын 4-декабры № 4

Кашкар-Кыштак коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциясынын аткаруу комитетинин «CASA -1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүгүү стратегиялык өнүгүү планына кошумча киргизүү жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кенештин депутаттары,Кашкар-Кыштак коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциасынын аткаруу комитетинин төрагасы Масадиков Хамидилланы «CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында .Айылдардагы көйгөйлөрдү аныктоо жана Ариске сунуштоо боюнча 2021-жылдын 11-ноябрдан аткаруу комитетинин отурумунда каралып,саламаттыкты сактоо боюнча көйгөй аныкталып Алгабас жана Бекжар айылдарындагы ФАПтарды жана Кашкар-Кыштак айылындагы ГСВны жакшыртуу боюнча аны айылдардын Социалдык экономикалык өнүгүү планына кошумча көрсөтүлүшүн жактырып берүү боюнча сураныч катын кенири талкуулап Арис программасынын эксперти Авазова Раьнонун кошумча түшүндүргөн маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы токтом кылат

1.    «CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында айылдардагы көйгөйлөрдү аныктоо жана АРИСке сунуштоо боюнча 2021-жылдын 11-ноябрь күнү экинчи отурумда Кашкар-Кыштак А.А коомчулуктагы айылдардын инвестициясынын аткаруу комитетинен саламаттыкты сактоо боюнча Алгабас жана Бекжар айылындагы ФАПты ,Кашкар-Кыштак айылындагы ГСВны жакшыртуу боюнча аныкталган көйгөй 2021-жылдын 23-май айындагы 2021-2026 жылдардагы айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына кошумча көрсөтүлүп киргизилсин.

2.    Документ иш кагаз иштерине кеткен чыгымдарды айыл өкмөтүнүн бюджетине каржыланып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө атайын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З.Г.Нурдинов