КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы
2021-жылдын 4-декабры № 9
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын жүргүнчүлөрүн тейлеген №150, №151-каттамдардын жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айылдык кенештин өнөр жай,комуналдык чарба,транспорт, сода, базар, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын 03.12.2021-жыл күнкү №150,№151 маршруттук каттамдардын айдоочуларынын күйүүчү майлардын автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу жол акы тарифтерин көтөрүп берүү боюнча сураныч катын туруктуу комиссиясы карап чыгып айылдык кенештин депутаттарынын талкуусун угуп айылдык кенеши токтом кылат.
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Кенжекул-Ош каттамындагы №150 маршруттук каттамдар үчүн
Кенжекул айылынан-Ош облустук оруканасына чейин–20(жыйырма)сом
Кенжекул-Кызыл мехнат,Кашкар-Кыштак айылындагы опытное поле участкалары үчүн–10(он ) сомдон жол акы тарифи бекитилсин.
Мектеп окуучулары үчүн – 5 (беш) сомдон
2. Кызыл мехнат-Ош каттамындагы №151 маршрут каттамы үчүн
Кызыл мехнат-Ош шаарынын черемушкага чейин–20(жыйырма)сомдон
жол акы тарифи бекитилсин.
Кызыл мехнат ,МТФ,Кашкар-Кыштак опытное поле участкаларына
чейин - 10(он) сомдон,
Мектеп окуучулары үчүн – 5(беш)сомдон
Кызыл мехнаттан МТФ участкасына жүргүнчүлөрдү ар дайым тейлөө №151 маршруттук каттамдарынын айдоочуларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогорудагы туруктуу комиссиягы жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
З.Г.Нурдинов |