Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-январы № 1
Куйручук айыл аймагынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдын бюджетин жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет , салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Асановдун финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ы.Солтоеванын жана киреше боюнча адиси З.Масировдун билдирүүлөрүн угуп, Айылдык кеңештин бюджет комитетинин сунушун талкуулап Куйручук айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- 2017-жылдын бюджетинин аткарылышындагы киреше бөлүгү 4562,6 (төрт миллион беш жүз алтымыш эки миң алты жүз) сом жана чыгаша бөлүгү 4209,1 (төрт миллион эки жүз тогуз миң бир жүз) сом аткарылышы бекитилсин.
- 2019-жылдын жалпы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бюджети 5 375,8(беш миллион үч жүз жетимиш беш миң сегиз жүз) сом жана анын ичинен теңдештирме грантты 3440,9 (үч миллион төрт жүз кырк миң тогуз жүз) сом жана жергиликтүү киреше 1934,9 (бир миллион тогуз жүз отуз төрт миң тогуз жүз сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2020-жылдын жалпы киреше жана чыгашы бөлүгүнүн долбоору 5552,6(беш миллион беш жүз элүү миң алты жүз) сом анын ичинде теңдештирме грант 3435,7(үч миллион төрт жүз кырк төрт миң тогуз жүз) сом жана жергиликтүү киреше 2116,9 (эки миллион бир жүз он алты миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2021-жылдын жалпы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 5530,3 (беш миллион беш жүз отуз миң) сом жана жергиликтүү киреше 2308,9 (эки миллион үч жүз сегиз миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2019-жылга карата жайыт ижарасынын бюджетинин планы көп болгондугуна байланыштуу азайтуу жагы финансы министрлигинен суралсын.
- Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы соц.фондго чегерүүлөр, коммуналдык чыгымдар, тамак аш) жана башкалар каржылансын.
- Бюджеттик каражаттарды каралган багыттарга жараша жумшоо жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана жетишпей калган акча каражат булактарын табуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асановго жүктөлсүн.
Төрага | З. Баисов |