Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-февралы № 4
Куйручук айыл аймагындагы сугат айдоо жерлерди трансформацияга сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категориясына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү жөнүндөгу № 512 31.10.2018 жыл токтомунун негизинде, Куйручук айыл аймагынын Куйручук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Куйручук айыл аймагындагы мамлекеттик фонддун эсебинде турган калк отурукташып калган төмөндөгү участкаларда жайгашкан 27,3гасугат айдоо жер аянтын калктуу конуш категориясына которууга (трансформациялоого) сунушталсын:
1)“СТО”нун алды участогундагы №1135 контурунан 7,8га жер аянтын.
2) “СТО”нун алды участогундагы №1137 контурунан19,5га жер аянтын.
Жалпы 27,3га сугат айдоо жер аянтын.
жагы Куйручук айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу К.Султанидиновго тапшырылсын.
Төрага | З. Баисов |