Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 3
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Жумгал районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлүүчү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдын негизинде депутаттардын Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып токтом кылат:
1.Жумгал районунун Куйручук айыл аймагындагы социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисти Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Жумгал районунун Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис штат бирдиги бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Асановго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Баисов |