Редакцияот 15.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 15-августу № 2

Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Асанов Талантбектин 2019-жылдын  1-январынан 15-август айына чейин жарым жылдык аткарган иштеринин отчетун угуу жөнүндө

 

Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Асанов Талантбектин аткарган иштерин угуп жаан талкуулап Куйручук айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асановдун 2019-жылдын 1-январынан   15-августуна чейинки аткарган иштерин начар деп белгилөө менен бирге эскертүү берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Асановго төмөндөгү иштерди аткаруу жагы милдеттендирилсин.

- СПАнын ички ирригациялык сугат иштерин жөнгө салуу;

- айыл ичиндеги ички жолдорду оңдоп түздөө;

- трансформаторлордун тегерегин тосуу;

- Көкүмбай Булак  бирикмесинин ишин жолго салуу;

- Көчүп конуу боюнча катуу көзөмөлгө алуу;

- Ак-Жолтой бала бакчасынын жылытуу системасын ремонттоо

 

3. Айыл өкмөт башчысы  Т.Асановдун иштеген  иштеринин кемчилдиктерин жөнгө салуу 2019-жылдын 1-октябрына чейин белгиленсин.

4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айылдык Кеңешинин деутаттарына жана айыл өкмөт башчысы ТАсановго тапшырылсын. 

 

Төрага

З. Баисов