КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 2 сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 28-2-1
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 2 сессиясы токтом кылат:
- Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Качкын уулу Эрлан 9 (тогуз) добуш алгандыгы белгиленсин жана бекитип берүү БШКдан суралсын.
- Шайлоо ачык айкын өттү деп табылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Д.Абдыралиев |