КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 3 сессиясы
2021-жылдын 26-июлу № 28-3-3
Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVI чакырылышынын 2015-жылдын 22-июнундагы 14-сессиясынын №26-14-1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кабак айылдык кеңешинин сессиясы Бешкемпир Куловдун Кызыл-Октябрь орто мектебинде көп жылдык эмгегин жана Кең-Суу, Котур-Суу, Таалга айылдарынын тургундарынын кайрылууларын угуп жана талкулап, Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат.
1. Кабак айыл аймагындагы Котур-Суу айылындагы Кызыл-Октябрь негизги мектеби мындан ары “Бешкемпир Кулов атындагы Кызыл-Октябрь орто мектеби” деп аталсын.
2. Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVI чакырылышынын 2015-жылдын 22-июнунда өткөн 14-сессиясынын №26-14-1 токтому күчүндө калсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Качкын уулуна жүктөлсүн.
Төрага | Д.Абдыралиев |