Редакцияот 05.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 23 сессиясы

 

2021-жылдын 5-апрели № 27-24-3

“ДАТТ Энержи” жоопкерчилиги чектелген коомуна Чакан ГЭС курууга жер тилкесин берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтомуна ылайык  Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн  жүргүзүүгө берүүнүн  тартиби жөнүндө  жобосунун негизинде” “ДАТТ Энержи” жоопкерчилиги чектелген коомуна Чакан ГЭС куруу үчүн убактылуу 49 жылгы пайдаланууга берүү жөнүндө” Кабак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылыт:

1.    Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынын  Көкө-Мерен дарыясынын жээгинен “ДАТТ Энержи” жоопкерчилиги чектелген коомуна Чакан ГЭС курууга  жер тилкеси 49 жылга пайдаланууга берилсин.

2.    Жайыт жерлеринен 2.2 га жер “ДАТТ Энержи” жоопкерчилиги чектелген коомуна Чакан ГЭС курууга берилсин.

3.    Бул токтом айыл окмотунун каттоодон өткөрүлүп, www.Kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге милдеттендирилсин,

 

 Төрага

С.Жээнбеков