Редакцияот 17.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 20 сессиясы

 

2020-жылдын 17-апрели № 27-20-2

Жумгал районунун Коронавирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу иштерин көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн оперативдик штабдын №22 протоколун Кабак айыл аймагында аткаруу жөнүндө

 

 

Кабак айыл аймагынын айылдык кеңеши  күн тартибиндеги маселе боюнча  угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.    Абал турукташкан учурга чейин айыл аймакта ар бир соода түйүндөрүндө, жеке үйлөрдө жана башка түйүндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

2.    Айыл аймакта ар бир азык-түлүк товарлардын сатуучу соода түйүндөрүнүн иштөө графиги эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштөө графигине өтүшсүн.

3.    Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп  kabak.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.

 

 Төрага

С.Жээнбеков