Редакцияот 17.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 20 сессиясы

 

2020-жылдын 17-апрели № 27-20-1

Кабак айыл аймакгында 2020-жылга айдап себүүгө, көчүп-конууга даярдык көрүү жөнүндө

 

Кабак айыл аймагынын айылдык кеңеши  күн тартибиндеги маселе боюнча  угуп жана талкуулап токтом кылат:

  1.  2020-жылга карата айдап себүүгө даярдык көрүү үчүн айыл ичиндеги малдарды 1-майдан тартып  сырткы жайытка көчүрүү уюштурулуусун  аткарууну Жайыт комитети, Айыл башчылар камсыз кылышсын.
  2. Жайлоодон түшүү жана сырткы жайыттан ички жайытка кайра  көчүп келүү  1-октябрда   түшсүн.
  3. Чоң Жекат, Кичи Жекат, Табылгыты айдоо аянтарына 15-сентябрда  түшсүн.
  4. Айдоо аянттарына  мал кирип эгиндерине зыян келтирген учурда  айып пул бодо малга мал башына 500 сом, жандыка 100сом.
  5. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп  kabak.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.

 

 Төрага

С.Жээнбеков