Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы

 

2020-жылдын 04-февралы № 27-18-6

Кабак айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылга карата өнүгүү стратегиялык планын угуу жөнүндө

 

Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  депутаттарынын XXVII чакырылышынын депутаттары 2020-2023-жылга карата өнүгүү стратегиялык планын угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.    Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылга карата түзгөн өнүгүү стратегиялык планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

2.    Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп  kabak.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.

 

 Төрага

С.Жээнбеков