Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы

 

2020-жылдын 04-февралы № 27-18-4

АРИСтин АИД-3 долбооруна сунушталып жаткан ири жана чакан долбоордук сунуштун дизайнын бекитүү жөнүндө

 

АРИСтин АИД-3 долбоорунун алкагында конкурска катышуу үчүн демилгелүү топ тарабынан даярдалган ири жана чакан долбоордук сунуштун дизайнын Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.    АРИСтин АИД-3 долбооруна даярдалган ири жана чакан долбоордук сунуштун дизайны алымча кошумчасы менен жактырылсын жана облустук комиссияга жөнөтүлсүн.

2.    Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп  kabak.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.

 

 Төрага

С.Жээнбеков