Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 18 сессиясы

 

2020-жылдын 04-февралы № 27-18-1

Кабак айыл өкмөтүнун 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Кабак айылдык Кеңешинин сессиясын угуп жана талкулап токтом кылат:

  1. Кабак айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен – 8620.5 (сегиз миң алты жүз жыйырма сом беш тыйын) өлчөмүндө бекитилсин
  2. 2020-жылга Кабак айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен киреше жана чыгаша бөлүктөрү -10870000 (бир миллион сексен жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

анын ичинен :-теңдештирме грант-4907,8 (төрт миң тогуз жүз жети  миң сом сегиз тыйын)

салыктан түшкөн киреше-5962 (беш миң тогуз жүз алтымыш эки)сом

  1. 2021-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору – 11117.1 (он бир миң жүз он жети сом бир тыйын) сом өлчөмүмдө бекитилсин

анын ичинен :-теңдештирме грант-4897.9 ( төрт миң сегиз токсон жети сом тогуз тыйын)

салыктан түшкөн киреше-6219.2 (алты миң эки жүз он тогуз сом эки тыйын)

  1. 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-11220.7 (он бир миң эки жүз жыйырма сом жети тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин

анын ичинен :-теңдештирме грант -4802.5 (төрт миң сегиз жүз эки сом беш тыйын)

салыктан түшкөн киреше-6418.2 (алты миң төрт жүз он сегиз сом эки тыйын)

  1. Айыл өкмөтүндө эмгек акыга, социялдык фондко жана сметада каралган баардык статьяларды чыгымдоодо лимиттин ашпай иш алып барууну жана биринчи кезекте корголгон статьялар (эмге акы, соц.фонд, комуналдык кызмат,  бала бакчанын тамак-ашы үчүн, электр энергия, жылуулук ж.б) каржылоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Бусуповго милдеттендирилсин.
  2. Сатуудан алынуучу салыктан түшпөгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын  финансы министирлигинен суралсын.
  3. Кабак айыл өкмөтүнүн жайыт акы төлөмүнөн түшө турган каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгү 111 миң 200 сомго бекитилсин
  4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп  kabak.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.

 

 Төрага

С.Жээнбеков