Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 16 сессиясы
2019-жылдын 30-сентябры № 27-16-1
“Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 9 (тогуз) айлык отчетун угуу Региондорду өнүктүрүү жылына карата райондо түзүлгөн фонддун жобосу менен таанышуу жана таза суу, ички жолдор маселелерин кароо жөнүндө”
Кабак айыл аймагынын айыл өкөмөтүнүн 9(тогуз) айлык отчеттун, бюджет тууралуу толук маалымат угуп, Жергиликтүү Кеңеш маалыматты талкууга алып, тиешелүү тапшырмаларды берип, токтом кылат:
1. Көмүр кендерин жүргүзүп жаткан иштерин көзөмөлгө алып , соцпакет түзүү максатында айылдык депутаттардан турган комиссия айыл өкмөт башчысы менен биргеликте кендерди кыдыруу иштери жүргүзүлсүн.
2. Жергиликтүү кеңештин депутаттары таза суунун башын булакка кошу боюнча жүргүзүлгөн ишти карап чыгып, тийиштүү органдарга кайрылуу сунуш кылат.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрөлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |