Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 15 сессиясы
2019-жылдын 11-июлу № 27-15-2
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы көмүр кесимдеринде иш алып барып жаткан ишканалардын тийиштүү документтерин тактоо жана мыйзамдуулугун кароо жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы көмүр кесимдеринде иш алып барып жаткан ишканалардын тийиштүү документтерин тактоо жана иш алып барууда мыйзамсыз көмүр отундарынын чыгарылышы боюнча айыл элинен келип түшкөн нааразычылыктарды угуп жана талкуулап Кабак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагындагы төмөндөгү көмүр кесимдеринин жетекчилигине билдирүү жиберилип, тийиштүү документтерин айылдык кеңеш жана элге ачыктап берүү жагы суралсын.
2. Көмүр кесимдеринен жогоруда аталган документтерин камсыз кылуу жана токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрөлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |