Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын 15 сессиясы
2019-жылдын 11-июлу № 27-15-1
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин алты айлык аткарылышын угуу жөнундө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин алты айлык аткарылышынын маалыматын угуп, жыйнда талкуулап , салыктан түшкөн киреше бөлүгүн толук аткарылбай, 2019-жылга карата аткарыла турган жумуштар кечиктирилип жаткандыгы белгиленип Кабак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кабак айыл өкмөтунүн 2019-жылга кабыл алынган иш пландары толугу менен аткарылсын, салыкты толугу менен аткаруу жана кошумча акча каражатын Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинен суралсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрөлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Самсалиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Жээнбеков |