ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 5
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине техника сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларынан түшкөн акча каражатына (HOWO) техникасын сатып алууга уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларынан түшкөн акча каражатына 25 тонналык 1 даана SINOTRUK HOWO жүк ташуучу автоунаасынын наркынын 30% төлөп, лизинг аркылуу 6 (алты) жылдык мөөнөткө сатып алууга уруксат берилсин.
2. SINOTRUK HOWO жүк ташуучу автоунаасынын өздүк баасы 3 480 900 (үч миллион төрт жүз сексен миң тогуз жүз) сом болгондуктан, ошонун 30% (пайызы) 1 044 000 (бир миллион кырк төрт миң) сом жана ушул автоунааны 6 (алты) жылдык мөөнөткө камсыздандыруу үчүн кошумча акча каражаты Айыл Банктагы ачылган транзиттик эсепке төлөнсүн.
3. Өрүктү айыл аймагы, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Айыл Банктан болгон карызы төлөнбөй калган учурда төлөө жагын өз кепилдигине алсын.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Айыл Банктан жүк ташуучу SINOTRUK HOWO автоунаасын лизингге сатып алууга кепилдик кат берүүсү айыл аймак башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом айылдык Кеңештин депутаттарынын отурумунда “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнундөгү” мыйзамдарына ылайык жазылды.
6. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Аким уулу Азамат |