Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 25-марты № 8

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттыгына талапкерлер менен айыл аймак тургундарынын шайлоо алдындагы жолугушууларын уюштуруу боюнча

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттыгына талапкерлер менен айыл аймак тургундарынын шайлоо алдындагы жолугушууларын уюштуруу боюнча Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы токтом кылат:

 

1. Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттыгына талапкерлер менен айыл аймак тургундарынын шайлоо алдындагы жолугушууларын графиктин негизинде уюштуруу айыл аймак тарабынан колго алынсын.

2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймак башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу, айыл аймактын жооптуу катчысы Г. Ускенбаевага жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

Аким уулу Азамат