ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 4
“1 С” бухгалтердик программасын орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин талабына ылайык, айыл аймактын ФЭБнүн башчысынын сунушун эске алып, айыл аймактын бардык чыгымдарын, негизги каражаттарын тартипке салуу максатында “1 С” бюджеттик ишканаларынын бухгалтердик программасын орнотуу жана күзөтүү (сопровождение) үчүн айыл аймактын эсебинен акча каражатын бөлуп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин талабына ылайык, айыл аймактын ФЭБнүн башчысынын сунушун эске алып финансы-экономика бөлүмүнө “1 С” бухгалтердик программасын орнотууга уруксат берилсин.
2. Аталган программаны орнотуу жана күзөтүү (сопровождение) үчүн керектүү болгон 90 000 (токсон миң) сом акча каражатын тиешелүү статьядан мамлекеттик сатып алуулар Порталы аркылуу каржылоо жагы ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |