ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 1
Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айылындагы муниципиалдык менчикте турган жер аянтына эсалуу багын уюштурууга уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын муниципиалдык менчигинде турган 4,7 га жер аянтына эсалуу багын уюштурууга уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Муниципиалдык менчикте турган 4,7 га жер аянты эсалуу багын уюштуруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Эсалуу багын уюштурууда керектүү иш кагаздарын даярдоо айыл аймактын башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |