Редакцияот 26.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 26-июну № 5

Соломо участкасындагы 15 га жер аянтын трансформациялоо үчүн сунуштоого уруксат берүү жөнүндө

Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасында жайгашкан башка багыттагы (прочие) 15 га жер аянтын өндүрүш багытына өткөрүү үчүн трансформациялоого сунуштоого уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1. Соломо участкасында жайгашкан башка багыттагы (прочие) 15 га жер аянты өндүрүш багытына өткөрүүлүү үчүн трансформациялоого сунушталсын.

2. Трансформациялоого сунуштоодогу тиешелүү иш кагаздары менен КР Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева