ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 6
“Тазалык” муниципиалдык ишканасынын элден жыйылуучу төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын элден жыйылуучу ичүүчү таза суу, таштанды чыгаруу жана комерциялык (элге кызмат кылуу) түйүндөрүндөгү төлөмдөрүнүн тарифин бекитип берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. “Тазалык” МИ элден жыйылуучу ичүүчү таза суу үчүн төлөмү төмөнкү тарифте бекитилсин:
- Турак жайга киргизген абоненттер үчүн 1 жылга – 700 (жети жүз) сом;
- Көчөдөгү калонкадан ичкен абоненттер үчүн 1 жылга - 200 (эки жүз) сом;
- Элге кызмат көрсөтүү түйүндөрү; анын ичинен мончолор, автоунаа жуучу жайлар 1 ай үчүн - 200 (эки үз) сом болуп бекитилсин.
2. “Тазалык” МИ элден жыйылуучу таштанды үчүн төлөмү төмөнкү тарифте бекитилсин:
- Элден 1 ай үчүн - 20 (жыйырма) сом;
- Элге кызмат көрсөтүү түйүндөрү, анын ичинен дүкөндөр, набайканалар 1 ай үчүн - 50 (элүү) сом болуп бекитилсин.
3. Төлөмдөрдү КР Мыйзамдарынын чегинде көзөмөлдөө “Тазалык” МИ жетекчиси С. Сүюмкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |