Редакцияот 26.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 26-июну № 8

Орто-Токой жана Чолок-Тума айылдарынын тургундарынын кайрылуу каты боюнча

Өрүктү айыл аймагынын Орто-Токой жана Чолок-Тума айылдарынын тургундарынын кайрылуу каты боюнча, Орто-Токой айылындагы пайдаланылбай турган мончонун жерин ФАП куруу үчүн ажыратып берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1. Орто-Токой жана Чолок-Тума айылынын тургундарынын кайрылуулары эске алынсын.

2. Орто-Токой айылындагы муниципиалдык менчикте турган мончонун ордуна ФАП курууга уруксат берилсин.

3. ФАП уюштурууда атайын медициналык штаттык бирдик бөлүп берүү боюнча маалыматтарын тактоо жана иш кагаздарын даярдоо айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева