ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 26-июну № 10
2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу түрткү берүүчү гранттарды өз багытында, өз убагында өздөштүрүү үчүн Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймактын ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланган (Өрүктү-Сай айылындагы М. Осмонбеков атындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна) айыл аймактын өздүк салымы клубдун эсеп счетунан берилип, ал эми заявкасы аппараттын эсеп счетунан берилип калган. Каржылоо бир тараптуу болушу үчүн, клубдун эсеп счетунан 3111 статьясындагы 300 800 (үч жүз миң сегиз жүз) сом акча каражаты аппараттын эсеп счетундагы 3111 статьясына жылдырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |