КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 6/6
Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын № 9-токтомуна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү)гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү жумушчу топтун жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы А.Алишеровдун долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. “№12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин каалга жана терезелерин алмаштыруу” долбоорунун жалпы суммасы 3 млн 687 мин сом анын ичиндеги өздүк салымдын өлчөмү 687 000 (алты жүз сексен жети мин) сом болуп Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын № 9-токтомуна төмөнкүдөй түзөтүү киргизилсин:
Бекитилген өздүк салым 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.Алишеровго жана финансы экономика башчысы Г.Карымшаковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Жумалиевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |