МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-февралы № 7-9-5
Майлуу-Суу шаар аймагындагы таштандыларды чыгаруу жыйымына болгон төлөмдүн расчетун жана отчеттук мөөнөтүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин Майлуу-Суу шаар аймагындагы таштандыларды чыгаруу жыйымына болгон төлөмдүн расчетун жана отчеттук мөөнөтүн ар жылдын 20-апрелине бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап чыгып, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеӊештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин маалыматы, депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74-беренесине ылайык,Майлуу-Суу шаар аймагындагы таштандыларды чыгаруу жыйымына болгон төлөмдүн (физикалык жактарды кошпогондо) расчету жана төлөө мөөнөтү ар жыл сайын 20-апрелине чейин тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Майлуу-Суу шаардык башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык мэрияга жүктөлсүн.
Төрага | А.М.Киргизбаев |