Редакцияот 08.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 9-сессиясы

2021-жылдын 8-декабры № 2

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2021-жылдын 16-июлундагы 4-сессиясынын кезектеги отурумунун № 8 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2021-жылдын 16-июлундагы 4-сессиясынын кезектеги отурумунун № 8 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  9-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылындагы Кара-Айгыр көчөсү 2010-жылдагы Ош окуясында каза болгон маркум Данияров Кайнарали атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.

2. Аты аталган көчөнүн табличкаларын орнотуп, көчөнү иретке келтирүү жагы Данияров Кайнаралинин атасы А.Данияровго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев