ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 9-сессиясы
2021-жылдын 8-декабры №-3
Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин терезелерин жана чатырын алмаштыруу жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин терезелерин жана чатырын алмаштыруу жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 9-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин терезелерин жана чатырын алмаштырууга өздүк салым үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин 3111 беренесинен 436 131 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |