Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышы тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын онунчу сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү 43 860 600 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү 47 869 659 сомду түзүп

- аппаратка 11 808 318 сом

- аппараттын атайын каражатына 75 780 сом

- мектептерге 7 068 447 сом

- бала бакчаларга 10 936 968 сом

- бала бакчалардын атайын каражатарына 1 839 920 сом

- китепканаларга 772 745 сом

- маданий иш чараларга 730 000 сом

- клубтарга 676 655 сом

- өзгөчө кырдаалдарга 238 700 сом

- ЖКХ 7 787 069 сом

- социалдык жардамдарга 430 000 сом

- компенсацияга 1 747 900 сом

- соц пакет 2 607 325 сом

- айылдык кеңешке 473 113 сом

- статистке 45 609 сом

- жайытка 631 110 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев