ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2021-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК кобинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2021-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК кобинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын жыл ичинде аткарылышы боюнча билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2021-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК кобинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын жыл ичиндеги киреше бөлүгү 5 966 291 сомго бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп жумшалгандыгы
- Документтер үчүн кызмат көрсөтүүгө (ПСД, АПУ, проект, технадзор) 54 505 сом
- Дароот-Коргон айылындагы сатып алынган бала бакчаны ремонттоо үчүн 400 000
сом
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар, Кара-Шыбак, участкаларындагы үлүш жерлерге труба, колцо сатып алууга 1 428 000 сом
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар, Кара-Шыбак, участкаларындагы үлүш жерлерге труба, колцолорду орнотууга күйүүчү май сатып алууга 414 700 сом
- Дароот-Коргон айылына таза суу үчүн материал жана күйүүчү май сатып алууга 310 120 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |