ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 42 294 750 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 12 210 366 сом
- апараттын атайын каражатына 75 000 сом
- айылдык кеңешке 506 681 сом
- мектептерге 5 311 431 сом
- бала бакчаларга 5 475 230 сом
- бала бакчалардын атайын каражаттарына 2 216 000 сом
- китепканаларга 983 102 сом
- маданий иш чараларга 930 000 сом
- клубтарга 773 841 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 530 000 сом
- ЖКХ 12 313 049 сом
- социалдык жардамдарга 240 000 сом
- жайытка 730 050 сом бөлүнүп жумшалсын.
2. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
3. Чоң-Алай айыл окмөтүнүн аппаратына 30 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.
-Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.
- Клубтарга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 3 штат.
- Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2022-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |