ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата кирешеси 2 730 757 сомго бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- эмгек акыларга 1 160 446,20 сом
- киреше салыгына 47 896,80 сом
- социалдык камсыздандыруу фондуна (2%) 9 756 сом
- пенсиялык фондго (8%) 89 676 сом
- социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөргө (17,25%) 193 364 сом
- эмгек акыларга (МТС) 137 253,60 сом
- сапар чыгымдарына 55 000 сом
- байланыш кызматтарына 18 000 сом
- таза суунун санитардык-гигиеналык аналазин текшерүүгө 30 000 сом
- күйүүчү майларга 275 000 сом
- запастык бөлүктөрдү сатып алууга 370 000 сом
- башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга 60 000 сом
- электр энергияга 74 972,40 сом
- чарбалык буюмдарды сатып алууга 200 000 сом
- Ар түрдүү чыгымдарга (конц.Товар, хох.товар, электро товар, картридж ж.б) 9 392 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |