ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 7
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетинин кирешеси 1 627 745 сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого 846 869 сом
- жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө 20 000 сом
- чабандарга жайыт пайдалануу боюнча маалымат берүү (окутуу) 10 000 сом
- жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына 220 008 сом
- эсепчинин эмгек акысына 192 680 сом
- социалдык чегерүүгө 71 188 сом
- сапар чыгымдарына 40 000 сом
- орхтехника сатып алууга 20 000 сом
- мебель сатып алууга 12 000 сом
- байланыш кызматтарына 3 000 сом
- концелярдык товарга 12 000 сом
- жер салыгына 180 000 сом жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |