ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 8
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2021-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК кобинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2022-жылга карата калган калдыгын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2021-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2022-жылга карата калган калдыгын бөлүштүрүү боюнча долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2021-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынан калган калдык 3 358 966 сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- Документтер үчүн кызмат көрсөтүүгө (ПСД, АПУ, проект, технадзор) 140 666 сом
- Дароот-Коргон айылындагы Дара жана ПМК каналына труба отургузуу үчүн 3 000 000 сом
- Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекске буу казан сатып алуудагы калган калдыка 61 000 сом
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар, Кара-Шыбак, участкаларындагы үлүш жерлерге труба, колцо сатып алууга 157 300 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |