ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 9
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен 2022-жылга калган калдыкты кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен 2022-жылга калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен калган 2 220 038 сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 253 555 сом
- мектептерге 350 833 сом
- ЖКХ 1 536 600 сом
- бала бакчаларга 79 050 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |