Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 10

Жайыт комитетинин 2021-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт тармагы боюнча 2021-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2022-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жайыт комитетинин 2021-жылдагы атайын каражатынан калган 20 сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.

жайыт комитетинин атайын каражатына 20 сом.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев