Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 11

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2022-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы атайын каражатынан калган 123 017 сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.

- Аппараттын атайын каражаттарына 123 017 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев