ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 14
Текелик көмүр кенин казып иштетүүнү жана башкарууну Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Абыкеевдин жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Текелик участкасында жайгашкан Текелик көмүр кенин жергиликтүү калктын сунуштарына ылайык казып иштетүүнү башкаруу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине алуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Текелик участкасында жайгашкан Текелик көмүр кенин жергиликтүү калктын сунуштарына ылайык казып иштетүүнү башкаруу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине алынсын.
2. Текелик көмүр кенин Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинде казып иштетүүнү башкаруу жагын Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |