ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 16
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Саз участкасына дамба курууга макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Саз участкасынын Кызыл-Суу дарыясынын жеегин бекемдөө үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында дамба курууга макулдук сурап кайрылган сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Саз участкасындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө максатында 500 метр жерге дамба курууга макулдук берилсин.
2. Дамба куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |