ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 18
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы алкоголдук ичимдиктерди саткан дүкөндөргө чектөө киргизүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулар менен кылмыштуулуктун алдын алуу чараларын көрүү, жеке үй-бүлөлүк зомбулукка, жол кырсыктарын жана башка кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жергиликтүү тургундардын сунуштары эске алынсын.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы алкоголдук ичимдиктерди саткан жеке менчик дүкөн ээлерине алкоголдук ичимдиктерди кечки саат 1900 дөн эрте мененки 09 00 гө чейин сатууга чектөө киргизилсин.
3. Токтомго баш ийбеген дүкөн ээлерине мыйзамга ылайык административдик чара көрүлөөрү эскертилсин.
4. Токтомду аткаруу жана тиешелүү дүкөн ээлери менен иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |