Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 20

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга чек ара статусун ыйгарууга сунуш берүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калкынын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун сунушуна ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтү Тажикстан Республикасы менен 50 км аралыктан чектешип тургандыгына жана 2021-жылдын май айындагы чек ара кырдаалдарына байланыштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн айылдарына чек ара статусун ыйгарууга сунуш берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга чек ара статусун ыйгарууга сунуш берилсин.

2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга чек ара статусун ыйгаруу боюнча иш кагаздарды даярдап тиешелүү жогорку органдарга берүү жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Мамажакыповго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев