ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 10-сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 21
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы бюджетинен 2022-жылга карата калган калдыкты бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы бюджетинен 2022-жылга карата калган калдыкты бекитүү жөнүндөгү долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 10-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы бюджетинен калган 177 016,40 сом акча каражаты 2022-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- күйүүчү майларга 85 000 сом
- чарбалык буюмдарды сатып алууга 92 016,40 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |