Редакцияот 26.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 11-сессиясы

2022-жылдын 26-январы № 2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын маңдайындагы № 1282, 1283, 1453, 1472, 1468 таштуу жайыт эсебинде турган 13,47 га га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповдун жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын маңдайындагы № 1282, 1283, 1453, 1472, 1468 таштуу жайыт эсебинде турган 13,47 га га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 11-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын маңдайындагы № 1282, 1283, 1453, 1472, 1468 таштуу жайыт эсебинде турган 13,47 га га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (транцформациялоого) макулдук берилсин.

2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Мамажакыповго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев