КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз III сессиясы
2022-жылдын 25-февралы № 3/1
Кара-Суу шаарындагы №67 З.М.Бабур атындагы орто мектебинде кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2022-жылдын 24-февралындагы №01-20/61 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кара-Суу шаарындагы №67 З.М.Бабур атындагы орто мектебинин базасында 3-5 жаштагы балдарга үч сааттык кыска мөөнөттүү орус жана кыргыз тилдүү бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу шаар мэриясына жана З.М.Бабур атындагы орто мектебинин директору Г.Ш.Моминовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.О.Назаров |