Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз III сессиясы

2022-жылдын 25-февралы № 3/2

 Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын суугат суу менен камсыздоо максатында акча каражатын кароо жөнүндө

Кара-Суу шаар мэриясынын 2022-жылдын 24-февралындагы №01-20/61 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында суугат суу менен камсыз кылуу үчүн эс алуу багындагы скважинаны калыбына келтирүүгө 1200,0 миң (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты 3111 курулуштар статьясынан үнөмдөлгөн акча каражаты эсебинен каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы:

 

А.О.Назаров